30.05.2020 13:19

Бишкекте жугуштуу оорулар ооруканасы дезинфекцияга жабылат

Бишкекте жугуштуу оорулар ооруканасы дезинфекцияга жабылат

Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы убактылуу дезинфекцияга жабылат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасы коронавирус менен келгендерди эле кабыл алат.

«Биздин медиктер суткалап иштешти. Бейтаптар арасында абалы оор болуп, жандандыруу бөлүмүндө жаткандар бар. Мындан улам Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында учурда дарыланып жаткан бейтаптардын баарын айыктырып чыгарып, ал жакта дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү, биздин медицина кызматкерлерине обсервацияда болуусуна убакыт берүү чечими кабыл алынды. Бул иштерден кийин аталган оорукананын ишин кайра жандандыруу каралган. Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу даярдалган. Башка бейтапканаларда орундар даярдалды. Бүгүнкү күнү №6 оорукана кабыл алып жатат», — деди Үсөнбаев.

Кыргыз-түрк ооруканасы да бейтаптарды кабыл алууга даярдалганын кошумчалады.Буга чейин жугуштуу оорулар ооруканасынын 19 медицина кызматкерине коронавирус жукканы айтылган.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы коронавируска кабылгандардын саны 1772 кишиге жетти. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 1113 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.