29.05.2020 14:18

5-июндан тартып мектепке чейинки билим берүү мекемелери иштей башташат

5-июндан тартып мектепке чейинки билим берүү мекемелери иштей башташат

Мектепке чейинки билим берүү жаатындагы уюмдардын ишмердүүлүгү жанданат. Бул тууралуу КР биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

“Мектепке чейинки билим берүү уюмдары 5-июндан тарта иштей башташат. Алардын иши, Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, бардык санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт. 5-июндан башталышынын себеби, ага чейин иштей турган уюмдардын даярдыгына текшерүү жүргүзүлүп, ар бир уюмга жекече уруксат берилет. Ал эми бала бакчалардын даярдыгы мэрия тарабынан көзмөлгө алынат”, - биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Боронов.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 1662 учуру катталды. Ичинен 1088 киши сакайып, үйлөрүнө чыгарылса, 558 киши ооруканада жатышат. 6 жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө.

Эске салсак, коронавирус илдетинен 16 бейтап көз жумган.