29.05.2020 16:17

1-июндан тартып ишке чыга турган уюмдардын тизмеси

1-июндан тартып ишке чыга турган уюмдардын тизмеси

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 1-июндан тарта экономиканын кайсы тармактарына иштөөгө уруксат берилгендиги тууралуу маалымат берди.

Ал билдиргендей, 2020-жылдын 1-июнунан тартып төмөнкү тармактарга уруксат берилет:

  • Керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү;
  • Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү;
  • Аудит жана консалтингдик компаниялар;
  • Жарнама агенттиктери;
  • Туристтик жана эс алуу жайлары (эс алуу үйлөрү, пансионттар, тарыхый жайлар ж.б.).

Боронов кошумчалагандай, туристтик жана эс алуу жайларынын иши атайын иштелип чыккан алгоритмге ылайык, бардык санитардык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт.