29.05.2020 15:03

Бишкекке Филиппинден жана Кореядан Кыргызстандын 58 жараны кайтып келди

Бишкекке Филиппинден жана Кореядан Кыргызстандын 58 жараны кайтып келди

Бишкекке Филиппинден жана Кореядан Кыргызстандын 58 жараны кайтып келди. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү республикалык штабдан кабарлашты.

“Манас” эл аралык аэропортунда 2020-жылдын 29-майында Сеул-Бишкек-Сеул каттамы боюнча “T-way” авиакомпаниясынын чартердик рейсин тосуп алышты.

Аталган каттам Корея Республикасынан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан Кореянын, Япониянын жана Америка Кошмо Штаттарынын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн корей тарабы менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулган”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда бардык учуп келген мекендештер бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.