30.05.2018 09:33

Жыл башынан бери кыргыз-казак чек арасынан 37 миңден ашык жүк ташыган унаа катталган

Жыл башынан бери кыргыз-казак  чек арасынан 37 миңден ашык жүк ташыган унаа катталган

2018-жылдын 1-январынан тартып 30-апрелге чейин кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы 4 контролдук-өткөрмө пункттарында Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБ мүчө-мамлекеттер менен соода жүргүзүү алкагында кирген 37 миң 353 жүк ташуучу авто унаа товары менен катталган. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

Көрсөтүлгөн мезгил үчүн авто унаа менен жүк ташуунун ири саны Ысык Ата районундагы “Ак-Тилек” контролдук-өткөрмө пунктунда 21 миң 558 авто унаа катталган. Панфилов районундагы “Чалдыбар” өткөрмө пункту аркылуу 8 миң 329 жүктөрдү ташуу ишке ашырылган, Манас районундагы “Чоң-Капка” өткөрмө пункту аркылуу – 4 миң 775, Аламүдүн районундагы “Ак-Жол” өткөрмө пункту аркылуу – 2 миң 691.

Жүк ташуучу авто унаалардын жалпы санынын ичинен салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн (коштомо кагаз жана маалымкаттары жок) 335 авто унаа кармалган, алар ЕАЭБ мүчө-мамлекеттер менен өз ара соода жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу ишкердик жүргүзүү максатында товарларды ташуу боюнча талаптарды бузуу, мыйзамсыз товарларды ташып келүү/ташып чыгуу фактыларына бөгөт коюу жана аныктоо боюнча контролдук-оперативдүү жана рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө биргелешкен мобилдик топтор тарабынан аныкталган.

Кармалган жүк ташуучу авто унаалардын ичинен 333 жагдайлар такталгычакты ЭККМК унаа токтотуучу жайына токтотулду.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 26-октябрынан тартып ЭККМК, ИИМ жана Салык кызматынын кызматкерлеринин курамы менен биргелешкен 4 мобилдик топтор иштейт, алар Ысык-Ата районундагы “Ак-Тилек”, Панфилов районундагы “Чалдыбар”, Манас районундагы “Чоң-Капка”, жана Аламүдүн районундагы “Ак-Жол” контролдук-өткөрмө пункттарында иштейт.

Мобилдик топтор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы “Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык, ошондой эле башка ведомстволук ченемдик актыларга ылайык түзүлгөн.