02.04.2019 11:41

ЖК депутаттары "Апрель" телеканалы жөнүндө кандай пикирде?

ЖК депутаттары "Апрель" телеканалы жөнүндө кандай пикирде?

Туура бир жылдан бери "Апрель" телеканалы өлкөдө жана чет мамлекеттерде болуп жаткан күнүмдүк кабарларды чагылдырып келе жатат. Статистиканы карасак, жаңылыктардын басымдуу бөлүгү парламент депутаттары жөнүндө болуп калат. Алар элдин көңүлүн кызыктай сунуштары жана демилгелери менен же болбосо чечендиги менен өзүнө буруп, көрүүчүлөрду зериктирбегенге аракет кылышат.

Бирок баары эле биздин каналга интервью бергенге макул эмес, айрымдары "Апрель" деген атты укканда, суроо бергенче эле аркасын карабай качышат.

Дегеле депутаттардын каналдын бир жылдык ишине болгон баасын жана мамилесин сураштырып көрдүк.