07.06.2018 15:15

Жолборс жетелеген киши. Ал ким?

Жолборс жетелеген киши. Ал ким?

Бишкек көчөсүндө жолборс жетелеп, жайбаракат бараткан кишинин сүрөтү кыргыз интернет коомчулугун катуу таңдантты. April.kg кабарчылары бул жүрөктүү адамдын ким экенин билип келишти.  

Жолборс жетелеген адам  «Акула» шапито-циркинин кызматкери болуп чыкты. Алар Кыргызстанга гастролго келишкен. Түштүк магистралда жолборсту сейилдөөгө алып  чыккан Феруз Юсуповдун айтымында, жолборс айланадагы адамдарга коркунуч жаратпайт.

«Бул жолборстун 11 айлык баласы, үйрөтүлгөн. Аны менен чогуу биз Муна аттуу арстанды да алып келгенбиз. Жырткычтар гастроль учурунда 5 чарчы метрлик капаста кармалат. Биз бул жаныбарларды кичине чагынан бери багып келаткандыктан, алар агрессивдуу эмес»,- деди ал.

Буга чейин цирктин төрт буттуу артисттери кишиге кол салган учур болду беле деген суроого, ал жок деп жооп берди.

«Мен Бишкекте мынтип ачык сейилдөөгө болбой турганын билген эмесмин. Эми мындай кылбайм. Мен жашаган Санкт-Петербург шаарында жолборс менен көчөдө сейилдөөгө уруксаат», - деди жырткычтары үйрөтүүчү.

Анын айтымында, алардын оюн-зоогу Бишкекте 9-июнда башталат.  Бул жакта алар бир айга жакын жүрүшөт.