Үй-бүлөлүк зомбулук: күйөөсү токмоктогон айым ооруканага түштү
Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда дагы бир аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркады. Бул тууралуу аймактык милицияга таянып жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 13-январда аймактык ооруканага сабалган аял келип түшкөн. Дарыгерлер бейтап тууралуу милицияга кабар беришкен.
«Жабыркаган аял Ынтымак айылынын тургуну. Анын айтымында, жолдошу сабап салган. Учурда ал амбулатордук дарыланууда. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Жабырлануучу экспертизадан өттү, анын жыйынтыгы менен жолдошуна юридикалык баа берилет», — деп билдиришти милициядан.
2020-жыл башталгандан бери өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан эки аял каза тапты. 1-январда Кочкор районунда 37 жаштагы аял, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөлөрүнүн ур-токмогунан улам каза болушкан. Учурда бул эки кылмышка шектүүлөр кармалып, сотко чейинки тергөө иштери уланууда.
4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. Азыр анын 33 жаштагы жарандык никедеги аялы ооруканада даарыланууда.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: