06.04.2018 19:51

Өрт коопсуздугун баары эле сакташабы?

Кемероводогу өрттөн кийин кооптонгон Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектеги ири соода борборлорунун өрт коопсуздугу боюнча даярдыгы канчалык деңгээлде экенин текшерүүгө киришти. Тилекке каршы, алардын катарына муниципалдык имараттар кирген эмес. Бул себептүү мамлекеттик органдардын, анын ичинде үй-бүлөлүк медициналык борборлордун өрт коопсуздугу боюнча даярдыгы барбы жана алар бардык эле талаптарды аткарышабы, April.kg кабарчысы Наргиза Асекова текшерип келди.