24.01.2020 15:19
Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титрөө Таджикистанда 6 баллга чейин жетти
Бүгүн, 24-январда саат 13:09да Тажикистандын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Анын толкундары Кыргызстандын айрым аймактарында да сезилди. Бул тууралуу ӨКМ кабарлайт.
Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жердин силкинүүсү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Баткен облусунун Баткен шаарында 3 балл, Кызыл-Кыя шаарында 2,5 баллга чейин сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: