28.03.2018 13:31

Өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 300гө жакын фактысы аныкталган

Өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 300гө жакын фактысы аныкталган

Өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун 300гө жакын фактысы аныкталган. Бул тууралуу Бишкек шаарында өткөн «Кыйноо жана зомбулук курмандыктарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо» эл аралык жыйынында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 78 ишеним телефондору иштейт, аларга 2017-жылы зомбулук фактысы боюнча  267 билдирүү келип түшкөн, алардын 143ү  ырасталган. 52 коргоо ордери берилип, 87 кылмыш иши козголгон.   

«Мындан сырткары, Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн эң башкы багыттарынын бири болуп, жашы жете электерге карата зомбулук иш-аракеттеринин болушуна бөгөт коюу жана алардын алдын алуу эсептелет. Квартал сайын кызматкерлер ар  бир үй ээликтерине байкоо жүргүзүп, мигранттардын балдарына жана жетимдерге өзгөчө көңүл бөлүнөт», –  деп билдиришти ИИМден.