04.07.2018 11:55

Өзбекстанга айнеги караңгылатылган менчик унаа менен киргендер айып төлөйт

Өзбекстанга айнеги караңгылатылган менчик унаа менен киргендер айып төлөйт

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Өзбекстанга бара турган жарандарды өлкө аймагына айнектери караңгылашкан менчик унаа менен кирбөөгө чакырат. Анткени, бул Өзбекстан Республикасынын жол коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдын ченемине жооп бербейт. 

Өзбекстан тараптын билдирүүсү боюнча, Өзбекстан Республикасынын “Жол кыймылынын кооопсуздугу жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, жол кыймылында колдонулган автоунаа каражаттарынын шаймандарына жана техникалык абалына талаптар коюлган.

Автоунаа каражаттарын пайдалануунун талаптарына ылайык, автоунаага кошумча нерселер орнотулушуна же айнеги айдоочунун толук кандуу кароосун чектөөчү жабуулар менен жабдылуусуна, ошондой эле алдыңкы, капталындагы жана арткы айнектеринин жарык өткөрүүсү 70 пайыздан аз болуусуна (унаанын төбөсүндө орнотулган люктан башкасы) тыюу салынат.

«Көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаган учурда, Өзбекстан Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө Мыйзамынын 291-беренесинин негизинде укук бузуучунун автоунаа каражаты айып салчу токтоочу жайга жөнөтүлөт», -деп айтылат маалыматта.