09.08.2019 09:30

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын Тергөө абагында калды

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын Тергөө абагында калды

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди 26-августка чейин УКМКнын Тергөө абагына киргизишет. Бул туурасында анын жактоочусу Сергей Слесаревге таянып, «24.kg» жазды.

Жактоочунун айтымында, Биринчи май райсотунун судьясы Адылбек Субанкулов УКМКга  чакырылып, көчмө соттук отурум өткөрдү. Сот тергөө иш-чаралары жүрүп жаткан маалда Алмазбек Атамбаевди камакта кармап туруу чечимин чыгарды.  

Ал ошондой эле, ИИМ тергөөчүсү экс-президентти Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон ишке айыптап жатат. 

«Айыптоо - негизсиз. Аны күбө катары чакырып туруп, бирок суракка албай туруп, айыптап жаткандары кантип негиздүү болсун? Ага дароо эле шектелип жатканы тууралуу билдирүүнү тапшырышты. Бул алдын-ала пландалган сценарий. Бул иш-аракеттердин баары мыйзамсы, анткени Алмазбек Атамбаевдин экс-президент катары кол тийбестиги бар», — деди Сергей Слесарев.