17.01.2019 10:24

Өлкөнү санариптештирүү иш жүзүндө кандай болуп жатат?

Өлкөнү санариптештирүү иш жүзүндө кандай болуп жатат?

Быйыл өкмөтүбүз болгон күчүн өлкөнү санариптештирүүгө жумшаары анык болду. Алардын айтуусу боюнча, ар бир кыргызстандык үйүндө жатып алып кызмат алып, манжанын учу менен кнопка баскан заман келет экен. Мамлекеттик кызматтарда учу көрүнбөгөн кезектин күнү бүтүп, имарат ичи ээнсиреп калат имиш.

Кыялдагы көрүнүш ушундай болгону менен, иш жүзүндө абал такыр башка. Бүгүн катардагы жараныбыз эң эле жөнөкөй справканы үйдөн чыкпай ала алабы?