21.01.2020 12:03

19 жаштагы кызды ала качууга шектелип эки жаран кармалды

19 жаштагы кызды ала качууга шектелип эки жаран кармалды

Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында 19 жаштагы кызды ала качууга шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27 жаштагы Т.М. жана 20 жаштагы Д.И. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экөө тең Ысык-Көл облусунун тургундары.

Кызыгы шектүүлөр учурда үй камагында жатышат. Тиешелүү чечимди жергиликтүү сот чыгарган.

Азыркы тапта сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Эске салсак, ушул жылдын 11-январында Жети-Өгүз РИИБга Токмоктун тургуну арыз менен кайрылып, 19 жаштагы кызын ала качып кеткен 2 жаранга карата чара көрүүнү суранган.