19.03.2018 13:26

20-марттан тарта тартип сакчылары күчөтүлгөн тартипте иштейт

20-марттан тарта тартип сакчылары күчөтүлгөн тартипте иштейт

 20-марттан баштап, ИИМдин ички иштер органынын   бөлүктөрүнүн өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп баштайт. Аларга милдеттүү түрдө ыктыярдуу элдик кошуундар кошулмакчы. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Өзгөчө маанидеги жана стратегиялык объектилер күчөтүлгөн кайтарууга алынат. Бишкек менен Оштун борбордук аянттары, скверлер, парктар дагы катуу көзөмөлдөнөт.

Ал эми, Нооруз майрамы учурунда, бардык калктуу аймактарда коопсуздукту камсыздоого тартип сакчылары тартылат.

ИИМ жарандардан кыраакы болууну жана көрүлгөн чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.