21.05.2020 16:45

25-майдан тартып спортзал,  фитнес-клубдар жана бассейндер иштей баштайт

25-майдан тартып спортзал,  фитнес-клубдар жана бассейндер иштей баштайт

Бишкек шаарынын мэриясы 25-майдан баштап ишин жанданта турган ишмердүүлүктөрдүн катарына спортзалдарды, машыгуу залдарын, фитнес-клубдарды жана бассейндерди кошту. 

Милдеттүү шарт болуп санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди сактоо саналат.

имаратты дезинфекциялоо;

администрациянын жана тейлөө персаналы үчүн беткап-кол кап тагынуу;

 ар бир кардар үчүн санитайзерлерди жана антисептиктерди орнотуу;

ошондой эле санитардык аралыкты сактоо үчүн имараттын ичинде жана шаймандардын ортосунда сызык белгилерин көрсөтүү;

Контакт боло турган, командалык, жамааттык спорттун түрлөрү боюнча спорттук борборлорго иштөөгө тыюу салынгандар: футбол, күрөш, бокс, жекеме-жеке күрөштөр, баскетбол ж.б.

“Санитардык аралыкты сактоо менен байланышсыз индивидуалдык спорттун түрлөрүнө гана уруксат берилет”-деп айтылат штабдын маалыматында