29.03.2018 11:58

30-мартта Чыңгыз Айтматовдун өмүрү, чыгармачыл жолуна арналган трилогиясынын бет ачары болот

30-мартта  Чыңгыз Айтматовдун өмүрү,  чыгармачыл жолуна арналган  трилогиясынын бет ачары болот

2018-жылдын 30-мартында Улуттук илимдер академиясынын залында Чыңгыз Айтматовдун өмүрү,  чыгармачыл жолуна арналган “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” трилогиясынын бет ачары болот.  

Адамзаттын залкар ойчул калемгеринин тагдыр-турмушун, чыгармачылыгын, ошондой эле ал жашаган мезгил тарыхын, адабиятыбыздын өнүгүш жолундагы оош-кыйыштарды баяндаган роман - жазуучу Самсак Станалиевдин калемине таандык.

Аталган трилогия ишенимдүү жана такталган факты-маалыматтардын негизинде көркөм чагылдырылган. Ошондой эле улуу жазуучунун замандаштары, адабият менен маданияттын көрүнүктүү классиктери менен болгон карым-катышы, мамилеси турмуш чындыгы катары реалдуу сүрөттөлөт.

Бул чыгарма жазуучу С.Станалиевдин кыргыз интеллигенциясынын тарыхы менен анын залкар инсандары жөнүндөгү тарыхый-биографиялык романдар сериясынын үчүнчүсү болуп саналат.

Бул  роман трилогиясынын үстүндө  жазуучу 3 жыл бою иштеген.  Трилогия: “Буюккан күндөр”, “Тамчы жаш”, “Жомоктун кайтып келиши” деген бөлүктөргө бөлүнгөн.

Иш-чарага Жазуучулар Союзунун өкүлдөрү, окумуштуулар, адабиятчылар, ЖМКнын өкүлдөрү, ЖОЖдордун окутуучулары катышат.

Китепти жарыкка чыгарууда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков, ошондой эле жеке ишкерлер  демөөрчүлүк кылган. Жалпы нускасы - 3000. 

Буга чейин Самсак Станалиев Чыңгыз Айтматовдун «Тоолор кулаганда» романын автордун сунушу менен кыргыз тилине которгон.