03.04.2018 15:22

45 күндүн ичинде бир айылга "жан" берген өзбек бийлиги

45 күндүн ичинде бир айылга "жан"  берген өзбек бийлиги

Өзбекстандын Дустлик районундагы  этникалык кыргыздар байыр алган Манас айылы 45 күндө таанылгыс болуп өзгөрдү.  Өткөн кылымдын 60-жылдары курулуп, райондун борборунан алыс жайгашкан бул айылды кайра куруу тапшырмасын президент  Шавкат Мирзиёев берген. 

2018-жылдын февралында эле бул имараттарынын эскилиги жетип, урайын деп калган, көчөлөрүндө ылай толгон кыштак болчу.   «Биздин адамдар мындай шартта жашап жатканы өтө кейиштүү. Мен Манас айылынын мисалында бизди алдыда кандай иштер күтүп турганын көрсөткүм келет.  Албетте, оор болот... Бирок, биз ишти эң оордон баштабасак, эл бизге ишенбейт. Эч качан ишенбейт », - деген эки ай мурун  Мирзиёев.

Мындан кийин айылдагы үйлөрдү, имараттарды түрттүрүп башташкан. 45 күндөн кийин баягы урайын деп калган кыштактын ордуна заманбап айыл пайда болду. Эки кабаттуу жаңы турак-жайлар, заманбап бала бакча, бейтапкана, спорт аянтчасы, жада калса, тери жана жүндү кайра иштетүүчү жайы да бар.