5-майдан тартып, Бишкек-Ташкент автобус каттамы ачылат
Үстүбүздөгү жылдын 5-майынан баштап эл аралык "Бишкек -Ташкент" “Ташкент-Бишкек” каттамы ачылат. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Кыргыз автобекети мамлекеттик ишканасы 2018 жылдын 5-майынан баштап эл аралык «Бишкек -Ташкент» каттамы боюнча жүргүнчүлѳрдү жѳнѳтүүнү пландаштырууда.
Чоң адамдар үчүн билеттин баасы -1000 сомдон, 5-12 жашка чейинки балдарга - 500 сом. 5 жашка чейинки балдарга акысыз (орун ээлебесе).
Багаждын бир орундугу - 200 сом. Билеттер «Кыргыз автобекети» (Западный автовокзал) ишканасынын кассаларында сатылаары айтылат.
Автобустук каттамды Кыргызстандык «Транс Союз Азия » ачык акционердик коом тейлет. Ал эми Өзбекстан тараптан OOO MIRONSHOX GRAND TRANS автотранспорт ишканалары тейлейт.
"Бишкек -Ташкент" жана "Ташкент-Бишкек" рейси күнүгө сат 22.00 жөнөп турат.
Каттам 2017-жылдын 13-14-декабрындагы эки өлкөнүн президенттери кол койгон "Эки ѳлкѳнүн үзгүлтүксүз байланышын ачуу" келишимин өз убагында ишке ашырууну камсыз кылуу максатында түзүлдү.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: