10.05.2018 09:51

71-Канн кинофестивалында кыргыз мигрант келиндин тагдырын баяндаган тасма көрсөтүлөт

71-Канн кинофестивалында кыргыз мигрант келиндин тагдырын баяндаган тасма көрсөтүлөт

Францияда  71-Канн фестивалы өтүп жатат. Быйыл тасмаларды баалай турган калыстардын башында австралиялык актриса, "Оскар" сыйлыгынын 2 жолку лауреты Кейт Бланшетт турат. Ошондой эле, калыстардын курамына россиялык режиссер Андрей Звягинцев кирген. Өткөн жылы анын "Нелюбовь" тасмасы фестивалдын атайын сыйлыгына ээ болгон болчу.

Кинофестивалдын конкурстук бөлүгүндө 21 картина көрсөтүлөт. Алардын бири орус режиссеру Сергей Дворцевойдун «Айка» аттуу эмгеги.  Бул тасманы тартууга Орусия, Германия, Польша жана Казакстан компаниялары катышканы айтылат. 

«Айка» драмасында Москвада төрөлгөн баласын төрөт үйүнө таштап кеткен кыргызстандык мигрант келин тууралуу жана анын башынан өткөргөн оор күндөрү, энелик сезиминин козголушу тууралуу баяндалат. 

Фестиваль 19-майда жыйынтыкталат.