06.03.2020 10:07

8-мартка карата жөө жүрүшкө Ошто дагы тыюуу салынды

8-мартка карата жөө жүрүшкө Ошто дагы тыюуу салынды

Ош мэриясы жана шаардык милиция 8-марттын урматына белгиленген тилектештик маршын өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу "Новый Ритм" коомдук бирикмесинин төрайымы Гулиза Абдыжапарова "Азатыкка" кабарлады.
 

"Биз иш-чараны кеңсенин ичинде эле өткөрө турган болдук. Жылдагыдай көчөдө жөө жүрүш өтпөйт. Мэриядан жана шаардык милициядан тыюу салган билдирүү келди. Бирок анда Өкмөттүн токтому жөнүндө бир гана сүйлөм бар экен", - деди Абдыжапарова.
 

Жергиликтүү бийлик тынчтык маршына тыюу салынганын коронавирустун жайылуусун алдын алуу менен түшүндүргөн. 4-мартта республикалык штаб өлкө боюнча массалык иш-чараларга чектөө киргизген.
 

5-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Бишкектин борборунда митинг жана тынчтык чогулуштарын өткөрүүгө 1-июлга чейин тыюу салды.