22.01.2020 17:49

Абайлагыла! Жасалма акча тараткандар кармалышты

Абайлагыла! Жасалма акча тараткандар кармалышты

Жасалма чет өлкөлүк акча бирдигин сатып өткөрүп жүргөн киши кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, шектүү жасалма валютаны Ошто колдонуп жүргөн.

Белгилүү болгондой, жасалма чет өлкөлүк валютаны сатып өткөрүүгө шектелип колго түшүрүлгөн адам коңшу мамлекеттин 30 жаштагы жараны. Анын жанынан 100 долларлык 5 купюра табылды. Банкнотторду шектүү бут кийимине катып жүргөн.

Экспертиза көрсөткөндөй, купюралар жасалма болуп чыкты.

Чет элдик жаран Оштогу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.