07.05.2018 08:54

Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө ууруга кирип, уулуна ок чыгаргандар изделүүдө

Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө ууруга кирип, уулуна ок чыгаргандар изделүүдө

Диний ишмер Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө белгисиз адамдар ууруга  кирип, уулуна травматикалык тапанчадан ок чыгарып, качып кетишкен. Бул туурасында Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  

Окуя 3-майга караган түнү Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы  Нарматовдун үйүндө болгон. Таңга маал белгисиз адамдар диний ишмердин короосунда турган унаанын айнегин сындырып, ичиндеги документтерди жана 8 миң сом акчаны алышкан. 

Алардын добушунан ойгонгон үй ээси,  21 жаштагы уулу менен короого чыгып, качкан адамдардын бирин кармоого аракет кылышкан.

Ошол учурда качып кеткен шериги кайтып келип, травматикалык тапанчадан бир нече жолу ок чыгарган.  Октор желим болгондуктан, жигиттин өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.

Учурда качып кеткен кылмышкерлерди издөө жүрүүдө. Бул факт боюнча  164-берене (“Уурулук”) жана 168-берене ("Карактоо") боюнча кылмыш иши козголгон.