03.12.2018 10:38

Абылгазиевдин өкмөтү жарым жылда эмне кылууга жетишти?

Абылгазиевдин өкмөтү жарым жылда эмне кылууга жетишти?

Кыш келди. Быйыл суук катуу болобу же жокпу ким билсин бирок, өкмөт эл үшүбөсүн деп кам көрө баштаптыр. Тактап айтканда, сырттан акча сурап, беш миллион долларга мештерди сатып алат экен. Бул акчага 14 миң меш келет деп эсептеп чыгышытып. Ар бири ошондо 24 миң сомдон айланат. Аларды план боюнча социалдык аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратат экен. Акысыз эмес, 30% алган киши төлөшү керек болот.

Мунун ыкыластуу депутаттардын бири байкап калып, демилгени сынга алган эле. Бул ишти өкмөт чет элден келген каражатка ишке ашырмак болуптур.

Чет жактан келген акчалар менен катар эле депутаттар өткөн аптада келерки жылга карата бюджети да кабыл алышты. Депутаттар кың дебей, шыр эле колдоду. Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү бюджеттин тартыштыгын 10 миллиард 200 миллион сомго чейин кыскарттык деди.

Бул, албетте, жагымдуу жаңылык. Бирок, эмненин эсебинен чыгымдар кыскартылды? Келечектүү долбоорлор барбы? Жана той-топурларга деп орто жолдо документти өзгөртүп жиберишпейби?