06.06.2018 16:23

Адам өмүрүн алып кеткен жол кырсыгына айыпталган экс-прокурордун жардамчысы акталып чыкты

Адам өмүрүн алып кеткен жол кырсыгына айыпталган экс-прокурордун жардамчысы акталып чыкты

Адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгын жараткан Биринчи май районунун экс-прокурору Гүлнара Акимбаеванын жардамчысы Данияр Сейталиев акталып чыкты. Бул туурасында Чүй облустук сотунан билдиришти, деп жазат Knews.

Ведомстводон билдиришкендей, Сейталиевди ишинде  кылмыш курамы жок деген жүйөө менен акташкан. Мындай чечимди Токмок шаардык сотунун соттук коллегиясы кабыл алган. 

Эскерте кетсек, экс-прокурордун жардамчысы катышкан жол кырсыгы өткөн жылы 17-июлдан 18-июлга караган түнү болгон. Анда Ысык-Көл облусунан Бишкекке келе жаткан Данияр Сейталиев Токмок шаарына жакын жерде "Хонда" унаасын сүзүп алган. Унаадагы 20 жаштагы кыз алган жаракаттарынан каза тапкан.

Прокуратура кызматкери кырсык болгон жерден унаасын таштап, качып кеткен.  Милиция аны бир суткадан кийин таап, кармаган. Анда Сейталиев кырсык болгон күнү мас абалында болгону айтылган эле.