25.05.2018 10:22

Афганистанда Куран аяттарын жибекке түшүрүштү

Афганистанда Куран аяттарын  жибекке түшүрүштү

39 ооган каллиграфы  2 жылдык убакытын жумшап,  Куран аяттарын жибекке түшүрүп чыгышты. Китепти даярдоого баалуу материалдын 305 метри кеткен.

Сүрөттөрдү түшүрүүгө алтын, коло жана ляпис колдонулган. Үлгү катары XV-XVI кылымдагы Куран китебинин оймолору алынган. Ыйык китептин мукабасы булгаарыдан жасалган. 690 беттен турган Куран 8,6 кг салмакта. 

Дүйнөдө мындай жибек бетине түшүрүлгөн Куран китептер саналуу гана. Мындай искусство чыгармасын жараткандар, алардын эмгеги ыйык жазууну жайылтууга көмөктөшөт деген ойдо.