16.07.2018 12:31

Афиша 16-22-июль

  Афиша (4 материала)
Афиша 16-22-июль

Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи.

17-22-июль, шейшемби – жекшемби.
«Кызыл таблетка» заманбап искусство көргөзмөсү.
Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана  Франциянын  26 сүрөтчүсүнүн эмгектери коюлган. 

17-22-июль, шейшемби - жекшемби.
Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган «Айтматов ааламы» аталышындагы көргөзмө-конкурс. Өлкөнүн бардык аймагынан жаш сүрөтчүлөрдүн эмгеги коюлган.

17-22-июль, шейшемби - жекшемби.
Кыргыз көркөм искусствосунун негиздөөчүлөрүнөн тартып, заманбап искусствого чейин камтыган туруктуу көргөзмө. Семен Чуйков, Гапар Айтиев, Иван Тюрин, Давид Флекман, Алтымыш Усубалиевдин живописи жана скульптуралары коюлган.

17-22-июль, шейшемби - жекшемби.
Салттык кол өнөрчүлөрдүн туруктуу көргөзмөсү. Шырдак, ала кийиз, белдемчи, туш-кийиз, ат жабдыктар, зер буюмдар,ар кандай  майда тикмелер, булгаарыдан жасалган буюмдар, көчмөн турмуш буюмдары, этникалык кийимдер коюлган.

Дареги: Бишкек шаары, .Ж.Абдрахманов көчөсү196 (Чүй проспекти жана М. Фрунзе көчөлөрүнүн ортосунда).

А.Осмонов атындагы кыргыз улуттук китепканасы.

16-22-июль, дүйшөмбү-жекшемби.
Агартуучулук доорундагы орус акыны, Орус империясынын мамлекеттик ишмери, сенатор, жашыруун кеңешчи Гавриил Державиндин 275 жылдыгына арналган китеп-көргөзмөсү. 

16-22-июль, дүйшөмбү - жекшемби.
Кыргыздын чыгаан баатыры Кожомкул Каба уулунун 130 жылдыгына арналган,  «Ак илбирстей ажары, айбаты бар, кылымдарда бир жаралган кайраты бар!» аттуу китеп-көргөзмөсү. Баатыр тууралуу китептер, макалалар коюлган. 

16-22-июль, дүйшөмбү-жекшемби.
Сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басылмалар бөлүмүнүн залында кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири Абылкасым Жутакеевдин 130 жылдыгына арналган “Өз доорунун жарчысы”аттуу китеп көргөзмөсү. Анда А. Жутакеевдин китептери, эмгектери, ал жөнүндөгү материалдар, макалалар орун алган.

Дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 208 (.М.Фрунзе көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин ортосунда).

«Чемодан Зусмановича» арт-бары
22-июль, жекшемби.
Steppefish группасынын концерти. 
Кирүү -акысыз.
Башталышы: 21:00.

Дареги: Бишкек шаары, 4-кичирайону, 6/2 (мурунку «Народный» дүкөнүнүн имараты).