24.05.2019 11:07

Акылбек Жапаров: жол курулушуна алынган насыяларды айдоочулар төлөсүн

Акылбек Жапаров: жол курулушуна алынган насыяларды айдоочулар төлөсүн

Депутат Акылбек Жапаров жол курууга кеткен карызды төлөө ыкмасын сунуштады. Айтымында акциз, унааларды каттоо, кайра каттоо сыяктуу төлөмдөр бириктирилип, күйүүчү майдын баасына салык катары киргизилиши керек.

Акыйкаттык үчүн айта кетсек, мындай ыкма чет мамлекеттерде ийгиликтүү иштеп, күйүүчү майдан түшкөн салыктык төлөмдөр атайын түзүлгөн Жол фондуна топтолот.