Актан менен Акылай балдарга акчанын баалуулугун түшүндүрүшөт. Улуттук Банктын демилгеси
Дем алыш күндөрү «Тунгуч» жаштар театрында “Керемет көч” мультфильминин жаңы сериясы көрсөтүлдү. Өзгөчөлүгү – улуттук валютанын 25 жылдыгына жана Дүйнөлүк акча жумалыгына арналганы.
Мультфильмдин башкы каармандары Актан менен Акылай балдарга жеткиликтүү тил менен акчанын баалуулугу, улуттук валюта, үй-бүлө казынасы жөнүндө айтып берип, акчага туура мамиле кылууну түшүндүрүшөт.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышкан.
«Заманбап шарттарда өз акчаңды туура колдоно билүү - компьютердик сабаттуулук сыяктуу эле керектүү аспапка айланып баратат», – деп билдирди Улуттук Банк төрагасы Толкунбек Абдыгулов.
ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо балдарга жаштайынан акча маселелери тууралуу маалымат берүүнүн жана үйрөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи:
«Каржылык сабаттуулук – чоңдор үчүн гана эмес, балдар үчүн да маанилүү тема. Кыргызстандын ийгиликтүү келечеги үчүн кайсы гана тармакта болбосун окутууну кенже курактан баштоо керек», - деди Юкиэ Мокуо.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: