03.11.2018 10:07

Араванда Кыргызстандын эң чоң цемент заводу ачылды

Араванда Кыргызстандын эң чоң цемент заводу ачылды

Ош облусунун Араван районунда Кыргызстандын эң чоң цемент заводу ишке кирди. Кубаттуулугу жылына 1 млн тоннаны түзгөн өндүрүш линиясынын курулушу былтыр башталган. Экспорт потенциалы 2 эсеге жогорулаган цемент заводунан өлкө казынасы 400 млн сом менен толукталаары күтүлүүдө.