08.05.2018 16:22

Армения парламенти Никол Пашинянды өкмөт башчылыкка шайлоо менен, өзүн сактап калды

Армения парламенти Никол Пашинянды өкмөт башчылыкка шайлоо менен, өзүн сактап калды

Армениянын Улуттук жыйынындагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы менен Никол Пашинян жаңы өкмөт башчы болуп шайланды. Премьерликке көрсөтүлгөн жалгыз талапкердин кандидатурасын  58 депутат колдоп, 42 эл өкүлү каршы добуш берип, бири добуш берүүдөн карманды.

Армениянын баш мыйзамдарына ылайык, өкмөт башчы парламент депутаттары тарабынан көпчүлүк добуш менен шайланат. Эми Пашинян өзүнүн министрлер кабинетин түзүп, парламентке программасын сунушташы керек. Эки процедура тең талап боюнча парламентте добушка коюлат. 

Пашиняндын басма-сөз катчысы Тигран Авинян РБК порталына өкмөт башчы бул кызматта көпкө кармалбай турганын билдирди. Айтымында, ал "3-6 айдан кийин ыйгарым укуктарын токтотот". 

"Биз парламенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүү максатында гана убактылуу өкмөт түзүп жатабыз. Бул кызматты көпкө ээлөө планда жок", -деп билдирди Авинян. 

Бул Серж Саргсяндын отставкасынан кийинки парламенттин өкмөт башчыны тандоодогу экинчи аракети. Эгер бул жолу да шайлоо болбой калса, мыйзамга ылайык, парламент таратылмак. 1-майда өткөн биринчи добуш берүүдө көпчүлүк депутаттар ушул эле Пашиняндын талапкерлигине каршы добуш беришкен болчу.