02.05.2018 13:41

Арменияда Пашиняндын тарапташтары жолдорду бууп салышты

Арменияда Пашиняндын тарапташтары жолдорду бууп салышты

Арменияда  Паракар айылынын тургундары Еревандан эл аралык «Звартноц» аэропортуна баруучу автотрассаны бууп салышты. Бул туурасында «Интерфакс» билдирет. Жерине келген полиция активисттердин аракетине тоскоол болгон жок. 

Таң аткандан баштап, Армениянын борбор шаарында борбордук жана чет жакадагы  көчөлөр, ошондой эле Түштүк-Түндүк жана Арарат-Ереван автомагистралдары жабылган.

Кечээ армян оппозициясынын лидери  Никол Пашинян өкмөт башчылыкка өтпөй калгандан кийин өз тарапташтарын аэропортту жабууга жана өлкөдөгү унаа жана темир жол каттамдарын бууп салууга чакырган.  Муну менен өлкөдө жарандык баш ийбөөчүлүк акциясы  жанданды. 

1-майда Никол Пашинянга парламенттин 45 депутаты "макул", 55 депутаты "каршы" добуш берген. Премьер-министрликке шайланыш үчүн Пашинян кеминде 53 добуш алышы керек болчу.

Ошол эле күнү ал элди 2-майда саат 19:00дө Еревандагы Республика аянтына митингге да чакырган. Ал полицияны элге кошулууга үндөгөн.