07.05.2018 08:34

Аскарбек Шадиевдин мүлкү камакка алынды

Аскарбек Шадиевдин мүлкү камакка алынды

Парламент депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин жана анын жакындарынын мүлкү камакка алынды. Бул тууралуу токтомдун сүрөтү социалдык тармактарда жарыяланды. 

Документте депутаттын ар кайсы банкттардагы жеке эсептери, компаниялардагы үлүштөрү, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү саналган.

Ага ылайык, Шадиевдин 10 ишканада 100% же  50% үлүшү, эки батири, эки жеке турак-жайы, бир унаасы жана бир имараты болгон. 

Маалыматта айтылгандай, Шадиевдин мүлкүн жана банктык эсептерин камакка алуу тууралуу санкцияны Башкы прокуратура берген. 

Айта кетсек, 28-апрелде башкы көзөмөлдөөчү орган мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевге карата  "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Ага "2017-жылы Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбей турганын билип туруп, ушул сыйлык үчүн 30 миӊ долларды бөлүү боюнча парламент төрагасына кат жөнөткөн" деген айып тагылган.  

Башкы прокуратура козгогон бул иш боюнча материалдар УКМКга өткөрүлүп берилип, тергөө башталган.

Ал эми, 2-майда  маалымат каражаттарында "Аскарбек Шадиев  27-апрелде чет өлкөгө чыгып кетиптир" деген сөздөр тараган. Бирок, аны УКМК четке кагып, "Шадиев мамлекеттик чек арадан эч жакка чыккан жок", - деп билдирип келет.