24.05.2018 15:25

Австралияда киши өлтүргөн адам кылмышка баклажанды күнөөлөдү

Австралияда киши өлтүргөн адам кылмышка баклажанды күнөөлөдү

Киши өлтүрүүгө айыпталган австралиялык фермер Анджело Руссо баклажанга тайгаланып кетип, мылтыктан  ок чыгарып алганын билдирди. Бул туурасында жергиликтүү маалымат порталдары жазып чыкты. 

2017-жылдын февралында Виктория штатында жашаган 55 жаштагы фермер Анджело Руссо  Гарри аттуу итин тебелеп кеткени үчүн  Дэвид Каландро менен жаңжалдашып жатып, аны атып алган. 

Бирок, айыпталып жаткан адамдын жактоочусу бул кокустан болгон деп эсептейт. Анын айтымында, Руссо Каландронун жол тандабасын көздөй баратып, баклажанды басып алып тайгаланып, колун силкип жибергенде ок чыгып кеткен. 

«Атуу кокусунан болду, айыпталуучу машаны баскан эмес», — деди жактоочу.

Руссо өзү деле сурак учурунда ушинтип жооп берген, бирок, айыптоочу тарап каза тапкан кишинин досунун көрсөтмөсүнөн улам, Руссонун айткандарын жалган деп эсептейт.  

Сот отурумунда Каландронун досу ит маркумдун унаасынан калбай жарышып чуркап, дөңгөлөктүн астына кирип кетип атканын, Каландро бир нече жолу унаасын буруп, андан четке качканын, бирок, акырында болбой эле итти тебелеп алганын билдирген. 

Окуядан 10 мүнөт өтүп, жаалданган иттин ээси досуна чалып, орой түрдө келүүсүн буйруган, деп билдирген күбө. 

Соттук иш уланууда.