11.07.2018 14:51

Айдана Оторбаева: чоң футболго талпынган кыргыз кызы

Акыркы убактарда Батышта айымдар футболу артта калбай, тез өнүгүүдө. Өкүнүчтүүсү, Кыргызстан сымал Азия өлкөлөрундө спорттун бул түрү өз ордун таба элек. Ага карабастан, биздин өлкөдөн дагы таланттуу футболчу айымдар чыга башташты. Алардын арасында – көптү үмүттөндүргөн, өлкөнүн мыкты оюнчуларынын бири Айдана Оторбаева. Ал Испаниянын лигасына илинип, "Мадрид" айымдар футбол клубу менен келишим түзгөнгө жетишти. Жылдызы жаңыдан жанып келаткан футболчу менен биздин кабарчылар маек куруп келишти.