07.05.2018 10:13

Айыл өкмөтүнүн башчысы тууганына 10 гектар жерди мыйзамсыз алып берген

Айыл өкмөтүнүн башчысы тууганына 10 гектар жерди мыйзамсыз алып берген

Чүй облусунун прокуратурасы Аламүдүн райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын жогорку кызматтагы адамдарына жана Октябрь айыл өкмөтүнүн мурунку башчысына карата кылмыш ишин козгоду.

Алар 10 гектар жер тилкесин мыйзамсыз түрдө колдонууга берген деп айыпталып жатышат.

2017-жылдын августунда Октябрь айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы П.С. Аламүдүн райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын жогорку кызматтагы адамдары менен көмүскө сүйлөшүп, тууганынын баласына 10 гектар жерди 15 жылга колдонууга алып берген.  

Мында мамлекеттик нотариустун атынан жасалма мөөр коюлган жалган келишим колдонулган. Бул жасалма документтин негизинде каттоо органдарынын жогорку кызматтагы адамдары тарабынан  жер тилкесин убактылуу колдонууга  укук берүүчү күбөлүк  берилген.

Бул факт боюнча Чүй облустук прокуратурасы 304 (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) , 305-2 (КР жер мыйзамдарын бузуу) жана 350 (документтерди, мөөрлөрдү жасалмалоо) беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Тергөө жүрүүдө.