19.07.2018 13:47

Айнуру Алтыбаева: Өлкөдө педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүү -соттук реформаны талап кылат

  педофилия (1 материал)
Айнуру Алтыбаева: Өлкөдө педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүү -соттук реформаны талап кылат

Өлкөдө педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүү үчүн соттук реформа жүргүзүү керек. Бул туурасында «Кыргызстанда педофилия күчөдү- өлүм жазасын киргизүү керекпи?» деген темада өткөн тегерек столдо Жогорку Кеңештин депутаты  Айнуру Алтыбаева билдирди.

Анын айтымында, балдарга зордук-зомбулук көрсөтүү- өлкөнүн экономикалык көрсөткүчүнөн көз карандысыз эмес. Өнүккөн өлкөлөрдө да мындай фактылар катталат. Бул жерде башкысы, ошол мамлекеттин бул кылмышка кандай реакция кыла турганы.

«Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттары зордук-зомбулукка каршы жазаны күчөтүү керек деп мыйзам долбоорун даярдап чыгышкан.  Анда кылмышкерлерди химиялык кастрация кылуу жазасы каралган болчу. Бирок, мыйзам долбоору өтпөй калды. Анткени, талкууга катышкан Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, эксперттер мындан майнап болбой турганын айтышты. Изилдөөлөргө караганда, химиялык кастрация күтүлгөндөй жыйынтык бербейт экен. Анын таасири убактылуу болгондуктан, кымбат баалуу дарыларды улам-улам сайып туруу зарылчылдыгы жаралат. Мындан улам, мыйзам долбоору артка кайтарылган», -деди эл өкүлү

Айнуру Алтыбаева балдарга каршы зордук-зомбулук көрсөтүлгөн учур аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө көп катталаарын билдирди. Мындан улам, эл өкүлү коомчулукту, ата-энелерди кайдыгер болбоого чакырды. 

«Сокулуктагы 10 жашар кыздын окуясын баарыбыз уктук. Ажатканага жалгыз барган кыз зордукчуга кабылыптыр. Мындайга жол бербеш үчүн ата-энелер жаш кыздарын жалгыз калтырбай, ар дайым көзөмөлдөп турушу зарыл», -деди Алтыбаева.