13.01.2020 11:39

Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевдин баш коргоо чарасын сот өзгөртүүсүз калтырды

Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевдин баш коргоо чарасын сот өзгөртүүсүз калтырды

Парламенттин экс-депутаты жана «Үмүт-2020» элдик кыймылынын лидери Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевди 20-февралга чейин камакта калтырышты. Бул тууралуу Айтматова өзүнүн Twitter-баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка караганда, соттук отурум бүгүн, 13-январда Бишкек шаардык сотунда өткөн. Жактоочулар баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызданышкан.

Бирок соттун чечими менен келтирилген өтүнүч четке кагылган.

«Мени жана Сыргак Кенжебаевдин апасын сот залынан кууп чыгышты. Кайрадан. Судья Воронцова!» - дейт Ширин Айтматова.

https://twitter.com/AitmatovaShirin/status/1216575347958976512

Эске салсак, 20-декабрда “Үмүт-2020” элдик кыймылынын мүчөсү жана Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевди Алмата шаарындагы аба майданынан кармап кетишкен. ИИМ жана УКМКнын маалыматы боюнча ал эки кылмыш иши боюнча шектүү катары өтүп жатат. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал 20-февралга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилген.