21.02.2019 15:21

Ажылык 2019: зыяратчылардын кийимин "Кыргызстан сулуусу 2014" сынагынын жеңүүчүсү тигет

Ажылык 2019: зыяратчылардын кийимин "Кыргызстан сулуусу 2014" сынагынын жеңүүчүсү тигет

Быйыл Меккеге ажылык сапарга 5410 адам аттанууда. зыяратчылар бирдей кийим кийүүсү керек. Оймолор түшүрүлүп, кыргыз жарандары экенин билдире турган символикасы болушу талап кылынат. Дүйнөлүк талаптар боюнча ар бир мамлекет Меккеге өзүнун кийими менен барат. Андыктан муфтият тарабынан дизайнерлер арасында бир ай мурун сынак жарыяланган. Жыйынтыгында 13 дизайнер каттоодон өтүп, сынактын жеңүүчүсү Айкөл Аликжанова аталды.

Костюмдун баасы 21 долларды түзөт. Кийимдин өзгөчөлүктөрү тууралуу Айкөл Аликжанова өзу айтып берди.