22.01.2019 09:00

Азия кубогу: Бишкектеги футбол күйөрмандары БАЭ - Кыргызстан оюнун кандай көрдү

Азия кубогу: Бишкектеги футбол күйөрмандары БАЭ - Кыргызстан оюнун кандай көрдү

Кечээ түнү Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Араб Эмираттарына 103-чү мүнөттө коюлган пенальтиден улам уттуруп жиберди. Оюндун башынан аягына дейре машыктуруучу Александр Крестининдин азаматтары өжөрлөнүп, атаандаштардын жүрөгүнүн үшүн алып жатты.

120 мүнөт бою оюнду кышкы суука карабай, түн бир убакытта Бишкектин чоң экрандарынан көргөндөр да сый-урматка тете.

Кошумча маалымат катары: эртең (24-январь) таңкы саат 05.00дө Кыргызстан курама командасы Дубайдан Бишкекке учуп келет. КР Футбол федерациясы азаматтарыбызды "Манас" аэропортунда тосуп алууну каалагандарга атайын бекер автобустарды камдап берет. Автобустар эртең эрте менен саат 04.00дө Бишкектеги "Спартак" стадионунан кетет. Аэропортто оюнчулар менен сүрөткө түшүп, суроо берип, автограф алсаңыздар болот.