15.01.2020 14:02

«Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев эки сааттан ашык Аскер прокуратурасында сурак берүүдө

«Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев эки сааттан ашык Аскер прокуратурасында сурак берүүдө

«Азия Ньюс» гезтинин башкы редактору Асланбек Сартбаев эки сааттан ашык Аскер прокуратурасында сурак берүүдө. Бул тууралуу журналист жана жарандык активист Адиль Турдукулов билдирди.

Маалыматка караганда, Сартбаевди суракка анын вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сындаган макалары үчүн чакырышкан.

Эске салсак, 2019-жылдын ноябрь айында «Азия Ньюс» гезити Жеңиш Разаковго сотто утулуп калган. Өз материалдарынын биринде  басылма вице-премьерди “таджиктин тыңчысы” деп атап, анын кадыр-баркына шек келтирди деп айыпталган.

Өткөн жылдын март айында УКМК ЖМКга тараган вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу маалыматтарды текшерүүгө алып, “Мамлекеттин кызыкчылыгын сатуу” беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Бирок аткаминердин чет өлкөнүн атайын кызматтарына тийиштиги аныкталган эмес.

Көп узабай, Октябрь райондук соту аталган гезит чыгарган макаласын төгүндөп, Жеңиш Разаковго 1 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген.