25.06.2018 12:24
Бала бакчалардагы тамак-аш сапаты текшерилет
Өлкө бала бакчаларындагы тамак-аштын сапаты текшерилет. Бул туурасында Билим берүү министрлигинен билдиришти. Мындай тапшырманы аталган министрлик башчысы Гүлмира Кудайбердиева берген.
«Мектепке чейинки мекемелердеги тамак-аштын сапатына арызданган жарандардын саны көбөйгөндүктөн шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнө комплекстүү текшерүү уюштуруу тапшырылды. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тийиштүү чаралар кабыл алынат», - деп айтылат маалыматта.
Министрлик жарандар бала бакчадагы тамак-аштын сапаты тууралуу өз билдирүүлөрүн Билим берүү министрлигинин Фейсбуктагы баракчасында калтыра алаарын билдирет.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: