30.05.2018 16:37

Баланы куткарып калган «Жөргөмүш-адам» жумуштуу болуп, эми жарандык алат

Баланы куткарып калган  «Жөргөмүш-адам»  жумуштуу болуп, эми  жарандык алат

22 жаштагы Мамуду Гассама Франция президентинин колунан сыйлык гана албастан, жумуштуу да болду, эми жакында жарандык алышы күтүлүүдө.  Ал эми баланын атасында тескерисинче,  көйгөй жаралды. Ал баласын жалгыз калтырып коюп,  Pokemon Go оюнун ойноп жүргөн, деп билдирет Medialeaks басылмасы.

26-майда балкондо салаңдап турган 4 жаштагы баланын куткарылышы тартылган тасма интернет аркылуу  дүйнөгө тарап кеткен. Үйдүн жанынан өтүп бараткан чоочун эле адам шамдагайлык менен балкондорго тартынып чыгып, баланы аман алып калган.  

Малилик 22 жаштагы куткаруучу  Мамуду Гассама ыкчамдыгы жана эр жүрөктүүлүгү үчүн  дароо эле «Жөргөмүш-адам» атка конду. Аны Париждин мэри телефондон куттуктап, кийин президент Макрон ак сарайга чакырган.  

Мамуду өспүрүм кезинде мекенин таштап, Ливияны кыдырып чыккан. Ал жерден көп жолу токмок жеп, камакка да алынган. Мындан кийин жигит кайык менен Европага багыт алат. Францияга келгенге чейин 4 жыл Италияда жашап, ал жактан Париждеги агасыныкына келген. 

Францияда Гассама эч кандай документи жок, мигранттарга салынган жайда түнөп жүргөн. Түн киргенде жука матрацын полго жая салып уктап, күндүз кайра жыйнап, тар бөлмөдө өзүнө окшош 6 мигрант менен күн кечирген. Документтери жок болгондуктан, расмий түрдө жумушка да орношо алган эмес. 

Бирок, 26-майдан кийин Мамуду жашоосун жаңы барактан баштоого мүмкүнчүлүк алды. 

Жөргөмүш-адамды кабыл алган Франция президенти ага эр жүрөктүүлүгү  үчүн медаль тапшырып, 3 айдын ичинде француз жарандыгын алаарын убадалады. 

Жумуш жагынан да өзгөрүү болду. Эми ал мындан ары да адамдардын өмүрүн сактоону улантышы үчүн париждик өрт өчүрүүчүлөр тобуна кошулду. Азырынча ай сайын 600 евро стипендия алып, стажировкадан өтүүдө.