07.12.2018 13:20

Балдар үйлөрүндө тарбиялангандар Аяз атадан эмнени сурашат?

Балдар үйлөрүндө тарбиялангандар Аяз атадан эмнени сурашат?

Ар бириңиздер Аяз Ата болуп, бир баланын кыялын орундата аласыз. Мындай акцияны ата-энесиз калган балдарды коргоочу коомдук фонд уюштуруп жатат.

Өлкөнүн ар облусундагы балдар үйлөрүнөн үч жүздөн ашык кат уюмдун дарегине келип түштү. Аларды жазган ар бир бөбөк жаңы жылдын сыйкырдуу касиетине ишенип, эңсегендери аткарылаарына үмуттөнушөт. Үй-бүлөлүк бакыттан ажыраган балдарга сүйүнүч тартуулоого кошулуңуз.

Балдардын каттарын бул сайттан окусаңыз болот:

  • http://happychild.rightsoforphans.org

Белектерди бул дарек боюнча алып келип же жөнөтсөңүз болот:

  • Бишкек шаары, Токтогул көчөсү 216/1 (Т.Үмөталиев көчөсү менен кесилишине жакын)

Байланыш телефондору: 

  • *0559 800 579
  • *0551 618 618