21.05.2018 11:14

Бажы кызматынын мурунку төрагасы Кубанычбек Кулматов МУККка кайра суракка чакырылды

Бажы кызматынын мурунку төрагасы Кубанычбек Кулматов  МУККка кайра суракка чакырылды

Бажы кызматынын мурунку төрагасы Кубанычбек Кулматов саат 10:00дө  Коопсуздук кызматына сурак берүүгө кирди. Бул туурасында Кулматов өзү April.kg  кабарчысына билдирди.

Буга чейин МУКК Кулматовдун "Жемкорлук" фактысы боюнча айыпталып жатканы тууралуу маалымат тараткан. Мурунку Бишкек мэри бул айыптоолор менен макул эмес жана күлкү келерлик деп эсептейт.

"Ошко, балким, Чүй облусуна жумшалчу каражатты Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо конушуна мектеп салууга которуп кетти деп күнөөлөгөн туура эмес. Чыгым тууралуу айта турган болушса, анда канча чыгым келтиргенимди баалаш керек биринчи.  Анан да акчаны аялыма которуптурмун. Мындай айыптоонун өзү күлкүлүү. Калыс-Ордодогу мектепти барып көрүп келгилечи, андай мектеп Кыргызстан боюнча бирөө гана", -деди Кулматов.

"Анын үстүнө мен мэриядан кеткенде мектептин жер төлөсүн гана салып бүтүп, үстүн жаап жатышкан. Куруу иштери оор жүрдү, анткени, биз бул социалдык маанидеги объектилерибизди арзаныраак бүтүрүп алсак дегенбиз. Бирок, жер кыртышы начар болгондуктан, курулуштун наркы кымбаттап кетти", -дейт мурунку мэр.  

Ошондой эле, өткөн жолку суракка келгенде өлкөдөн чыкпоого милдеттендиришкенин билдирди. 

Эскерте кетсек, Кубанычбек Кулматов  2014-жылдын  январынан, 2016-жылдын февралына дейре Бишкек мэри кызматын аркалаган.