10.07.2018 13:00

Бельгия футболисти Симон Миньоле издеген кыргыз жигит Арсен Алтыбаев

Кыргызстандыкты кыялына жеткирген футбол. Өткөн аптада социалдык түйүндөрдө Арсен Алтыбаевдин жазганы катуу талкууланды. 21 жаштагы студент футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатынын Бельгия менен Япониянын таймашуусунда калың элдин ортосунда туруп, сүйүктүү оюнчусу Симон Миньоленин футболкасын сураган эле. Бельгия дарбазачысы фанатты көп күттүрбөй, футболкасын берүүгө даяр экенин твиттер баракчасына жарыялаган. Жыйынтыгында Арсен Миньоленин колу коюлган футболкасына ээ болуп, April.kg менен кубанычын тең бөлүштү.