24.08.2018 15:38

Бишкек шаарындагы Кино үйүндө Эгемендүүлүк күнүнө карата тасмалар көрсөтүлөт

Бишкек шаарындагы Кино үйүндө Эгемендүүлүк күнүнө карата тасмалар көрсөтүлөт

Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Кино үйүндө 27-августта Эгемендүлүк күнүнө арналып, тасмалар көрсөтүлөт. Бул тууралуу Департамента Кинематография департаментинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Программада Ыйман, адеп жана маданият жылы (2017) тартылган фильмдер камтылган. Алардын бири Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевге арналган 28 мүнөттүк тасма. Бул тасманын сценарийин Садык-Шер-Нияз жазып, өзү режиссерлук кылган.

Экинчиси, кыргыз маданиятына арналган «Тең» фильми. Сценарийи Султан Раевге таандык.  Тарткан режиссеру Дальмира Тилепбергенова. 

Дареги:Ч.Айтматов атындагы Кино үйү, Логвиненко, 13

Башталуу убактысы: 17.00