Бишкек-Ош жолунда 130 миң кубометр кар көчкү тазаланды
Бишкек-Ош жолунун 144 миң кубометр кар көчкү түшкөн 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы) жолду тазалоо иштери уланууда. Унаалар үчүн жол толугу менен жабык.
Учурда 11 техника тартылып, 130 миң кубометр кар көчкү тазаланды. Жеринде ӨКМдин 41 куткаруучусу, тез жардам кызматынын 2 бригадасы иштеп жатат.
Эртең мененки 8:00го алынган мааалымат боюнча, жалпысынан 294 унаа (жүк ташуучу, жеңил) өтө албай турат. Түшүндүрүү иштери жүрүүдө.
Кечээ жолдун 221,222, 226 – чакырымдарында кайра кар көчкү түштү.
- саат 17:50де 222- чакырымында ( Шаркыратма тилкеси) 480 м3 кар көчкү түшүп, саат 19:30га чейин толук тазаланды. .
-18.30да 226 – чакырымында (Шаркыратма тилкеси) 1000 м3. көчкү түшүп, жол тазаланууда.
-19.20до 221-чакырымында 1800 кубометр кар көчкү түшүп, жол тазаланууда.
3 учурда тең жабыркагандар болгон жок.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: