24.09.2018 08:30

Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынан унаа күйүп, анын ичиндеги айдоочу каза тапты

Бишкек-Ош жолундагы жол кырсыгынан унаа күйүп, анын ичиндеги айдоочу каза тапты

Өзгөн районунун Кароол айылында 2 унаа кагышып кетип, бири өрттөнүп кетти. Унаанын айдоочусу каза тапты. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 22-сентябрда саат 22:25 чамасында болгон. Анда Чоң-Алай районунун Кабык айылынын 31 жаштагы тургуну жүк ташыган «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып, «Форд Мондео» үлгүсүндөгү унааны арт жагынан келип уруп алган. Урунган учурда «Форд Мондеодон» өрт чыгып, күйүп кеткен. Натыйжада анын айдоочусу каза болгон.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.